• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 298 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 21-майга карата коронавирус дагы 298 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 170, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 69, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 311 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 178, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 89, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 19, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 4 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 551 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 459 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 29 бейтаптын абалы орто оордукта, 440 адамдын абалы оор жана 76 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 578 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 514 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 101 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 95 миң 114 киши айыгып чыкса, 1 миң 735 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий