• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 3 бейтап коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 3 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустан 3 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын экөө Бишкек шаарында, ал эми бирөө Нарын облусунда. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 133гө жетти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус жуктурган 48 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 554кө жетет. Алардын ичинен 133 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий