• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 30 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 1433

COVID - 19 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 25-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 30 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 433 адамга жетти.

"Бишкек шаарында - 9 учур, Чүй облусунда -1, Нарын облусунда - 5, Ош шаарында - 3 учур, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 2 жана Баткен облусунда бир жаңы учур катталды. Ошондой эле РФнын Санкт-Петербург шаарынан келгендер арасынан 8 адамда COVID-19 табылды", - деп билдирди ал.

Башкы дарыгер кошумчалагандай, жаңы катталган 30 учурдун 12си сырттан келген. Анын ичинен РФдан 11 учур, Өзбекстандан 1 учур.

Пикир

Оставить комментарий