• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 31 киши пневмониядан каза болду

Ден соолук 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 31 киши пневмониядан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, учурда өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 122 киши пневмониядан (коронавируска тапшырган анализдери таза чыккан) дарыланууда. Алардын ичинен 496 бейтаптын абалы оор, 153 киши реанимация бөлүмүндө жатат.

Өлкөдө март айынан бери 3 миң 9 адам ооруканадын тышкаркы пневмония менен ооруканага дарыланууга алынып, анын ичинен 736 киши айыгып чыккан, 151 бейтап каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий