• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 327 адамда COVID-19 табылып, жалпы 7094 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 4-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 327 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 7 миң 94 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар;

-Бишкек ш. – 149
-Чүй облусу - 65
-Ош ш. - 45
-Ош облусу - 8
-Нарын облусу - 22
- Жалал-Абад облусу - 8
-Талас облусу - 1
-Баткен облусу - 12
-Ысык-Көл облусу - 17.

Пикир

Оставить комментарий