• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 34 адамдан COVID-19 табылып, 1 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 34 адамдан табылып, 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 24 адамдан, Чүй облусунда - 10 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 60 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 9, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда 3 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ош шаарында 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 294 бейтап, амбулатордук түрдө 261 адам дарыланууда.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 640 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 666 киши айыгып чыкса, 1 миң 476 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий