• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 36 адамда COVID-19 табылды. Таласта үч учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 11-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 36 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 2 миң 129 адамга жетти.

Жаңы учурлар;

- Бишкек шаарында – 17;
- Чүй облусунда - 3;
- Нарын облусунда - 1;
- Ысык-Көл облусунда - 3;
- Ош шаарында – 2;
- Ош облусунда - 4;
- Жалал-Абад облусунда - 3;
- Баткен облусунда - 1;
- Талас облусунда - 2.

"Жаңы катталган 36 учурдун төртөө сырттан келген. 19 учур коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун арасынан табылса, 13 учурдун булагы белгисиз бойдон калууда", - деп түшүндүрдү өлкөнүн башкы санитардык дарыгери.

Пикир

Оставить комментарий