• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 361 адамда COVID-19 табылып, жалпы 8847 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 9-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 361 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 8 миң 847 адамга жетти.

Сутка ичинле катталган жаңы учурлар:

-Бишкек ш. – 150
-Чүй облусу - 59
-Ош ш. - 43
-Ош облусу - 28
-Жалал-Абад облусу - 25
-Баткен облусу - 20
-Ысык-Көл облусу - 17
-Нарын облусу - 18
-Талас облусу - 1.

Пикир

Оставить комментарий