• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта коронавирус жуккан алгачкы учур катталды, сутка ичинде 38 адамда COVID-19 табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 10-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 38 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 2 миң 93 адамга жетти.

"Сутка ичинде Бишкек шаарында коронавирус жуктурган 19 учур, Чүй облусунда - 6, Нарын облусунда - 1, Ош шаарында - 6, Ош облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 2 жана Талас облусунда 1 учур катталды", - деди Үсөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий