• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 38 адамда коронавирус табылды. Көбү Нарын облусунда

COVID - 19 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 24-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 38 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 403 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган 38 жаңы учурдун ичинен;

-Бишкек шаарында – 5 + 1 Санкт-Петербург ш. келгендерден,
-Чуй облусунда - 3 Соль-Илецк ш. келгендерден,
-Нарын облусунда - 25,
-Ош облусунда - 2,
-Жалал-Абад облусунда - 1,
-Баткен облусунда - 1 жаңы учур катталды.

Пикир

Оставить комментарий