• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 38 бейтап коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 38 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустан 38 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 7, Нарын облусу – 2, Ош облусу – 25, Ош шаары – 1, Баткен облусунда - 3 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 254кө жетти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирус жуктурган 22 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 612ге жетет. Алардын ичинен 254 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий