• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 41 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 339

COVID - 19 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 11-апрель саат 08:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 41 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 339 кишиге жетти.

"Жаңы катталган 41 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 12, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 18, Ош шаарында - 6, Нарын облусунда – 2 адам бар. Алардын 22си аял, 19у эркек", - деп кошумчалады ал.

11-апрелге карата Кыргызстанда жалпы тастыкталган 339 учур катталды. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 89;
  • Ош облусунда – 98;
  • Чүй облусунда – 15;
  • Баткен облусунда – 4;
  • Ош ш. – 36;
  • Бишкек ш. – 42;
  • Нарын облусунда – 10;
  • Ысык-Көл облусунда – 4.

Катталган учурлардын ичинен: 176 –аял, 163 – эркек.

Пикир

Оставить комментарий