• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 42 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 270

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 8-апрель саат 09:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 42 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Министр билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 270 кишиге жетти.

"Жаңы катталган 42 учурдун ичинен 16сы эркек жана 26сы аял. Бишкекте - 10, Чүй облусунда - 2, Ош облусунда - 24, Жалал-Абад облусунда - 1, Нарын облусунда - 5 адам бар", - дейт министр.

270 учурдун ичинен Ош облусунда - 97, Ош шаарында - 33, Жалал-Абад облусунда - 81, Баткен облусунда - 4, Нарын облусунда - 10, Чүй облусунда - 7, Бишкек шаарында - 35, Ысык-Көл облусунда - 3 адам бар.

Пикир

Оставить комментарий