• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 43 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 1313

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 21-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 43 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 313 адамга жетти.

"Бишкек шаарында 22 адамда илдет табылды, дагы 1 жаңы учур Санкт-Петербургдан келгендерден арасынан аныкталды. Ош шаарында - 5, Чүй облусунда - 1, Ош облусунда - 4, Нарын облусунда - 8 жана Баткен облусунда - 2 жаңы учур катталды", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий