• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 439 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 5735

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 439 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 5 миң 735 адамга жетти.

"Жаңы катталган 439 учурдун ичинен төрт учур сырттан келген (0,9%), ал эми 435 адам (99,1%) тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор", - дейт ал.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар;
- Бишкек шаарында – 195
- Чүй облусунда - 175
- Ош шаарында - 5
- Ош облусунда - 5
- Нарын облусунда - 10
- Жалал-Абад облусунда - 24
- Талас облусунда - 12
- Баткен облусунда - 13.

Пикир

Оставить комментарий