• 82
  • 84.48
  • 1.35

Кыргызстанда дагы 439 адамда COVID-19 табылып, жалпы 11 миң 977 учурга жетти

575 кароо COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 15-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 439 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 11 миң 977 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

-Бишкек ш. – 172
-Чүй облусу - 70
-Ош ш. - 53
-Ош облусу - 30
-Жалал-Абад облусу - 32
-Баткен облусу - 66
-Ысык-Көл облусу - 14
-Нарын облусу - 1
-Талас облусу - 1.

Пикир

Оставить комментарий