• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 44 адамдан COVID-19 табылып, 46 бейтап айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 07.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 44 адамдан табылып, 46 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 21 адамдан, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 5, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 12 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 46 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 17, Чүй облусунда – 14, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 8, Нарын облусунда – 1, Баткен облусунда эки киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 346 бейтап, амбулатордук түрдө 261 адам дарыланууда.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Үй карантининен бир медик айыгык чыккан. Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 1954 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 550 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 530 киши айыгып чыкса, 1 миң 471 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий