• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 5 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Жалпы 104

COVID - 19 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Өткөн суткада 5 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 104кө жетти. “Алардын 29у - дарыгерлер, 44ү - орто медперсонал, 17си - кенже медперсонал, 14ү – медициналык мекемелерде иштеген башка адистер”, - деп белгиледи Үсөнбаев.

"Жаӊы учурлардын ичинен 4 медкызматкер Бишкек шаарында, 1 – Нарын шаарында", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 466га жетет. Алардын ичинен 91 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий