• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 526 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 6261

COVID - 19 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 526 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 6 миң 261 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар;

- Бишкек шаарында – 211
-Чүй облусунда - 231
- Ош шаарында - 19
- Ош облусунда - 6
- Нарын облусунда - 3
- Жалал-Абад облусунда - 27
- Талас облусунда - 1
- Баткен облусунда - 18
-Ысык-Көл облусунда - 10.

"Жаңы катталган 526 учурдун ичинен жети учур сырттан келген (1,3 %), тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор – 519 адам (98,7 %)", - деп кошумчалады Акматова.

Пикир

Оставить комментарий