• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 60 адамда COVID-19 табылды. Көбү Нарын облусунда

COVID - 19 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 30-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 60 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 722 адамга жетти.

"Жаңы учурлар Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда - 1 жана Нарын облусу - 32 катталды. Андан тышкары, Россиядан келген курсанттардан - 2 учур жана Россиядан келгендердин арасынан дагы 2 жаңы учур катталды", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий