• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 68 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 18-октябрга карата коронавирус дагы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 54, Чүй облусунда – 2, Талас облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда - 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 45 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 542 бейтап, амбулатордук түрдө 539 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 913 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 636 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий