• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда дагы 68 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 68 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 45, Чүй облусунда - 12, Ош шаарында – 4, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда - 1 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 55 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 23, Ош облусунда – 2, Чүй облусунда – 18 жана Ысык-Көл облусунда – 6, Нарын облусунда – 4, Баткен облусунда – 2 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 410 бейтап, амбулатордук түрдө 361 адам дарыланууда.

Штабдан билдиришкендей, бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 219 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты", - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 389 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 185 киши айыгып чыкса, 1 миң 490 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий