• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда дагы 7 медиктен коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 7 медиктен коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1 медик ооруп калды.

"Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3456 учур катталды, алардын ичинен 3105 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 14-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 330 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 50 миң 201ди түзөт. Алардын ичинен 44 миң 884 киши айыгып чыкты, 1 миң 94 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий