• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 74 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 1594

COVID - 19 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 28-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 74 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 594 адамга жетти.

"Жаңы учурлар Бишкек шаарында– 11, Чүй облусунда - 1, Ош шаарында – 35, Ош облусунда - 4, Нарын облусунда - 13 учур катталды. Ошондой эле Россиядан келген курсанттардын арасынан 10 учур табылды", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий