• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 76 адамдан COVID-19 жаңы табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 30.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 76 адамдан табылып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 27 адамдан, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда - 5, Нарын облусунда – 1, Жалал - Абад облусунда - 9 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 138 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 52, Чүй облусунда – 50, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда - 3 бейтап коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 411 жаран көз жумган. Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 598 бейтап, амбулатордук түрдө 732 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча эки медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Үй карантининен бир медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 173 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 88 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 453 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 миң 781 киши айыгып чыкса, 1 миң 411 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий