• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 79 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 24-сентябрга карата коронавирус 79 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 41, Чүй облусунда – 21, Ош облусунда - 1, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 107 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 508 бейтап, амбулатордук түрдө 853 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 202 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 764 киши айыгып чыкса, 2 миң 599 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий