• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда дагы 817 киши коронавирустан айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 817 киши коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты.Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 445 киши, Ош шаарында – 90, Чүй облусунда – 66, Ош облусунда – 37, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 105, Талас облусунда – 7, Баткен облусунда 59 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын саны 21205ке жетти.

Пикир

Оставить комментарий