• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 9 адам коронавирус жуктуруп алды. Жалпы 125

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 9 адам коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча илдетти жуктуруп алгандардын саны 125 кишиге жетти.

"125 бейтаптын ичинен төртөө оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий