• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы бир бейтап коронавирустан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы бир бейтап коронавирустан каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Тогуз-Торо районунда 49 жаштагы аял киши каза болгон.

“Каза болгон бейтаптын туугандарына, үй-бүлө мүчөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус жуктурган 228 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3954тү түзөт. Алардын ичинен 2112 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий