• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта фитосанитардык лаборатория ишке кирди

Экономика 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. Талас облусунда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин фитосанитардык лабораториясы ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Ачылышка КРнын премьер-министри С.Жээнбеков жана Айыл чарба министри Н.Мурашев катышты.

Белгиленгендей, бул лаборатория Талас облусунун аймагында фитосанитардык маселелер боюнча диагностикалык, кеңеш берүүчү жана усулдук борбор болуп саналат. Мында карантиндик объектилерди изилдөө, фитосанитардык абалды аныктоо жана экспортко тиешелүү сертификаттарды берүү топтомдуу кызматтары көрсөтүлөт.

Лаборатория ЕАЭБ стандарттарына тиешелүү бардык жабдуулар менен жабдылган жана энтомологиялык, микологиялык, бактериологиялык, гербологиялык жана нематодологиялык экспертизалар жүргүзүлөт.

Бардык заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздоого 5 млн 353 миң 897 сом сарпталган. Кыргызстандын аймагында Эл аралык электротехникалык комиссиянын стандарттары боюнча аккредиттелген 2 лаборатория Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан. Мындай лабораториялардын адистеринин иши Кыргызстандын аймагына кооптуу карантиндик организмдердин киришинин алдын алат.

Бул лабораториялардын бүтүмүнүн негизинде берилген фитосанитардык сертификаттар 70тен ашуун өлкөдө таанылат.

Пикир

Оставить комментарий