• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дагы бир россиялык телеканал көрсөтө баштайт

Коом 0

Бишкек, 1.04.18 /Кабар/. “Пятый канал” россиялык телеканалы 2-апрелден тарта эл аралык орбитада көрсөтүүсүн баштайт. Биринчи баскычта Казакстан, Кыргызстан, Армения, Грузия, Азербайжан, Беларусия, Молдова, Латвия, Литва, Эстония камтылат.

“Эл аралык орбитаны баштоо телеканалдын маарекелик жылында ишке ашырылууда. “Пятый” ленинград телеканалынын улантуучусу болгондуктан быйыл 80 жыл толот. Тарыхты сактоо менен биз алга карай өнүгүп жатабыз. Программалык тизмебиз бай, таанып-билүүчү программалар, өздүк өндүрүштөгү сериалдар бар. <…> Биз эл аралык көрсөтүү каналдын аудиториясын кеңейтет деп ишенебиз”,- деди “Пятый каналдын” программалар жана маркетинг дирекциясынын директору Марина Белова.

Ленинграддык телеканал биринчи жолу 1938-жылы 7-июлда эфирге чыккан.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүнкү күндө бир нече россиялык телеканалдар көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий