• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы үч медик коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы үч медик коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунда бир, Жалал-Абад облусунда эки медик илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан 4 медкызматкер жана үй карантининен 8 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 166 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 669 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 12-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 828ди түзөт. Алардын ичинен 40 миң 779 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий