• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда дагы эки бейтап коронавирустан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы эки бейтап коронавирустан каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 70 жаштагы тургуну Панфилов районундагы ооруканага өтүндө таш болуп дарылануу үчүн келген. Ошол эле учурда дене табы көтөрүлүп, текшерилгенде ПЧР анализдери оору бар экенин көрсөттү. Ал бейтапта кант диабети, гипертониялык оору, жүрөктүн ишемия оорусу бар болгон экен. Коронавирус жукканда эски дарттары өрчүп, бир-эки күн ичинде абалы начарлап, атайын дарыланууга алынган. Реанимациялык иштер да жүрүп, ага карабай ал бейтап каза болду”, - деди ал.

Каза болгон экинчи бейтап Жалал-Абад облусунун 73 жаштагы тургуну болот.

“Ал бейтаптын эски дарттары бар болгон экен: жүрөк оорусу, кант диабети, гипоксиялык энцефалопатия. Ал ооруканага кайрылып келгенде текшерүүгө алынып, ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Дарылоо иштерине карабай коронавирустун кесепетинен ал бейтап каза болду”, - деди ал.

Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон бейтаптардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-июнга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2093тү түзөт. Алардын ичинен 1572 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий