• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы жети бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда дагы жети бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 1 (эркек, 85 жашта), Ош облустар аралык ооруканасынан – 2 (эркек, 79 жашта, эркек медкызматкер, 62 жашта), Ысык-Көл облустук ооруканасынан – 1 (эркек, врач педиатр, 61 жашта), Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 58 жашта), Талас облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта), Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 57 жашта) адам каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 450 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 8141ге жетти. Алардын ичинен 2916 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 99 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий