• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дан эгиндери былтыркыга караганда 6%га көп жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречка) өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 403 миң гектар аянттан 6% көп жыйналды жана бир миллион тоннадан ашык же 2 эсеге көп дан бастырылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, республика боюнча дан эгиндердин чаап-жыйноо аянты жыйнала турган аянтына карата 70% жакын болуп түзүлдү, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында - 83%, Баткен - 71% жана Ош облусунда - 70%.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арпанын дүң жыйымы (2,6 эсеге), буудай (2 эсеге) , май өсүмдүктөрү (10 пайызга) жана мөмө-жемиштер (7 пайызга) кыйла көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий