• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү 30%га чейин төмөндөгөнү байкалууда

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда болжолдонгондой эле дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү 30%га төмөндөгөнү байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрү – 448,4 миң га аянтта жыйналды, же жалпы анттын 94,7 % түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 24,1 миң га көп болгон.

“Статистикалык маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнгө карата 370-380 миң тонна дан эгиндери жыйналды. Учурда Суусамыр өрөөнүндө, Нарын облусунда жана Тоң районунда түшүм жыйноо уланууда”, - деди ал.

Мындан тышкары, министрдин орун басары дан эгиндерин жыйноо менен катар республиканын облустарында картошка, жашылчаларды жыйноо жүрүп жатканын кошумчалады.

“Жалпы республика боюнча 585 миң тонна картошка, 769 миң тонна жашылча, 217 мин тонна коон-дарбыз, 8,5 миң тонна май өсүмдүктөрү жана 1,52 миң тонна тамеки жыйналды”, - деди Мукашев.

Жыйынтыгында ал аталган көрсөткүч аба ырайынын шарттарына байланыштуу экенин кошумчалады.

“Быйыл кургакчылык болду, жаан-чачын жылдык орточо көрсөткүчтөн алда канча аз жана сугат үчүн суунун көлөмү азыраак болду”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий