• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда дары-дармек бааларынын жогорку чеги белгиленет. Андан кымбат болгон учурда Финполицияга кайрылууга болот

Ден соолук 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дары-дармек бааларынын жогорку чеги белгиленет. Андан кымбат болгон учурда Финполицияга кайрылууга болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.

"Акча табууну көздөгөндөр бааны көтөрүп жибербеш үчүн дары-дармектердин бааларынын жогорку чеги иштелип чыгууда. Баалар өтө кымбаттаганын көрсөңүз Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментине кайрылсаңыздар болот. Эгер андан жыйынтык болбосо Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына кайрылууга болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий