• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда дары-дармектердин баасы 10% арзандайт

Коом 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Кыргызстандагы дары-дармектердин баасы көзөмөлдөнөт жана жакынкы арада 10 пайызга арзандайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин консультанты Жылдыз Жумагулова "Марал" радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип коомдук талкууга чыкты. Алгач пилоттук негизде 58 дарынын тизмеси бекитилди. Эми бир ай ичинде бардык сунуштар эске алынат жана өкмөткө киргизилет.

"Биздин дарыканаларда дарылар кымбат сатылганы коомчулукта айтылып эле келет. Экинчиден, бир эле дарыга эки дарыканада эки башка баа экени белгилеп жүрөт. Мындай көйгөй көптөн бери эле бар. Ошондуктан 2017-жылдын август айында жаңы үч мыйзам кабыл алынды. Анын бири дал ушул дары-дармектин баасын көзөмөлдөөгө тиешелүү", - деди Жумагулова.

"Андан бери саясатын иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бир гана Саламаттык сактоо министрлиги эмес, Дары-дармек департаментинен, Экономика министрлигинен жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлдөр кирди. Бул жерде фарм бизнестин өкүлдөрү да кошулду. Бул топ соңку бир жылда эл аралык тажрыйба менен толук таанышты жана бул жакты тескөө үчүн атайын долбоорду иштеп чыкты. Азыр пилоттук негизде 58 дарыга киргизели деп турабыз. Бирок бул жалпы дарылардын арасында молекула эле болуп калат. Биз калганын ошентип көбөйтүп отурабыз. Ошону менен жалпы 300-400 дарыга кирет", - деп кошумчалады ал.

Бул долбоор толук ишке кирсе, дарылардын баасы жок эле дегенде 10 пайызга чейин арзандайт. Себеби бүгүнкү күнү арзан келген дары 2-3 эсеге чейин кымбат сатылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий