• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда дары-дармектин баасы 20 пайызга кымбаттады

Ден соолук 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда дары-дармектин баасы 20 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.

Анын айтымында, көптөгөн дары-дармектер Индиядан алынып келинет.

"Азыр Индия менен болгон аба каттамдар жабык. Ошондой эле доллардын баасынын жогорулашы менен дарыларды алып келүү да эки эсеге кымбаттады. Буларга карабай керектүү дары-дармектерди алып келип жатабыз. Учурда дарыларга дефицит жок", - дейт ал.

Асанов кошумчалагандай, беткаптын баасы 20 сомдун тегерегинде турат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти. Алардын ичинен 140ы медицина кызматкери. Коронавирустан 201 жаран айыкса, каза болгондордун саны 7 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий