• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дарыгерлер айлык акы төлөбөгөн өргүүгө чыгарылып жатабы? – министрдин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Дарыгерлерди айлык маянасыз өргүүгө чыгарып жаткан учурлар болсо алар Саламаттык сактоо министрлигине кайрылса болот. Бул тууралу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө абал киргизилгенден кийин дарыгерлерге келгендер аз болуп, дарыгерлердин өзү да жумушка жетүүдө кыйналып жатат.

"Биз аларды айлык маянасыз өргүүгө чыгарган жокпуз. Өкмөттүн чечими менен айлык маянаны өз тартиби менен төлөйбүз. Эгер андай учурлар болсо Саламаттык сактоо министрлигине кайрылыңыздар, биз маселени чечебиз", -деди ал.

Пикир

Оставить комментарий