• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дарыгерлердин жетишсиздиги: 200гө жакын реаниматолог обсервацияда болууда

COVID - 19 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 200гө жакын реаниматолог обсервацияда болгондуктан медкызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармакта медкызматкерлер, анын ичинен реаниматологдун жетишсиздиги айтылууда. “Учурда эмгек өргүүсүндө жүргөн медиктер жумушка тартылууда”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8847ге жетти. Алардын ичинен 1370и медицина кызматкери. Илдеттен 3053 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 116 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий