• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда дарыялардын жээгинен ашуу коркунучу бар - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 28-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү өзгөчө кырдаалдардын негизги себеби – мамлекеттердин жакырлыгы. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг, божомол жасоо департаментинин өкүлү Аманбай Сарногоев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жолдорду камсыздап, көчкү жыйнагычтарды сатып алууга жана дарыялардын жээгин бекемдөөгө мүмкүндүгү жок.

“Буга жөн гана каражат жок. Мисалы, Японияда күчү 8-8,5 баллга жеткен жер силкинүү болду. Кудай сактасын, үйлөрүбүздүн сейсмикалык туруктуулугу менен мындай бизде болбой эле койсун. Бул үйлөрдү ирээтке келтирүүгө ири каражаттар зарыл. Ойлоп көрсөңөр, бул үйлөрдүн бардыгын бетондоп чыгуу керек. Андан соң, эгерде Сокулук же Кара-Балтада бийик тоолуу көлдөр жырылса, суу чоң көлөмгө туруштук бере албаган дарыяларга агат. Ал эми дарыялардын жээктерин бекемдөө үчүн каражаттар болушу зарыл. Мындай тосмонун бир чакырымы 10 млн сом турат. Өлкөдө канча дарыя бар, эми санап көргүлөт. Биз жада калса Чу дарыясынын жээгин тосо албайбыз. Казактар өз бөлүгүн эбак тосуп алышкан”, - деди ал.

Өз кезегинде Кыргызгидрометтин директору Зарылбек Итибаев 27-мартта аба ырайынын жылышы менен өлкөнүн көпчүлүк дарыяларындагы суунун көлөмү көбөйгөндүгү байкаларын кошумчалады.

“Мисалы, Кегети, Ала-Арча, Үч-Кошой, Кичи Нарын, Кызыл-Суу ж.б дарыялар”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий