• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда дата-борборун ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда дата-борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-сентябрда “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимов H3C Technologies Russia ЖЧКнын башкы директорунун орун басары Ху Фен жана коммерциялык директору Андрей Долбнев менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстанда серверлерди жана алардын комплектилөөчүлөрүн кураштырууну уюштуруу, дата-борборун түзүү талкууланды. Абдураимов бул багыттагы иштерге көмөк көрсөтүүгө жана зарыл шарттарды түзүүнү камсыздоого даяр экенин билдирди.

Ошондой эле “Кыргызиндустрия” ААК менен Кытайдын Цинхуа университетинин ортосунда кызматташуу, IT-технология чөйрөсүндө квалификациялуу кадрларды даярдоо мүмкүндүгүн караштыруу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий