• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда дээрлик 120 миңдей адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 02.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда сасык тумоого каршы 119 миң 511 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, сентябрь айынан баштап сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияларга каршы эмдөө иштери башталган.

"120 миңдей адамдын ичинен 65 жаштан жогорку курактагы 10 миң 486 адам, карылар үйүндөгү 1 миң 326 киши, кош бойлуу 4 миң 38 аял, интернат-мектептеги 3 миң 309, балдар үйүндөгү 2 миң 626, тез ооруган 7 миң 547 бала, өнөкөт оорусу бар 40 миң 449 жаран, тобокел тобуна кирген 40 миң 68 медик эмдөөдөн өттү", - дейт ал.

Үсөнбаев облус борборлорундагы жеке менчик клиникаларда акы төлөө менен эмдөө жүрүп жатканына токтолду.

"Жеке менчик клиникалардан 2 миң 500дөн ашык адам акча төлөп эмдөөдөн өттү. Бир эмдөөнүн баасы 450 сомдон 750 сомго чейин болууда. Биз 160 миң вакцина алып келип, медициналык мекемелерге жиберебиз. Ошондой эле дагы 500 миңден ашык вакцина келет", - деп кошумчалады министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий