• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дээрлик эки миң калктуу пункттун 121 гана генералдык планга ээ

Коом 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда 1 миң 941 калктуу пункттун ичинен 121 гана генералдык планы бар. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жага турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин архитектура башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Калмаматов билдирди.

Ал билдиргендей, мекеме калктуу пункттар менен шаарлардын генералдык планы бар же жоктугун анализдеп турат.

"Бүгүнкү күнү 1821 шаар курулушу документин иштеп чыгуу керек. Белгилүү болгондой, учурда жерлерди эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча Ош, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата, Өзгөн жана Кара-Суунун белгиленген генералдык планы бар. Баткен, Кызыл-Кыя, Талас, Токтогул жана Кара-Балта үчүн жаңы генералдык пландар иштелип чыгууда", - деди ал.

Ал, жетиштүү каржылоо болбогондуктан жаңы генералдык пландарды иштеп чыгуу жасалбай жатканын белгиледи.

"Генералдык планды иштеп чыгуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын милдетине кирет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий