• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 20 миң ишкердик субъект маалыматты онлайн берүү функциясы бар ККМди колдонууда

Коом 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында 19 923 ишкердик субъект маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонушат. Анын ичинде “ККМ онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасында 18 117 ККМ онлайн, фискалдык маалыматтардын операторлору аркылуу - 1 806 ККМ катталган. Бул тууралуу Мамлееттик салык кызматы билдирет

Ошол эле учурда онлайн функциясы жок 1 850 ККМ издөө жана каттоодон чыгаруу стадиясында турат.

КРнын аймагында 2021-жылдан 1-июлунан тартып ККМди колдонуу жаңы стандарттар боюнча жүргүзүлүп жаткандыгын Салык кызматы эскертет. Көрсөтүлгөн датадан тартып реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү функциясы жок жана салык органдарында катталган ККМдин эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт.

Жаңы стандарттарга жооп берген ККМди ишмердиктин белгилүү бир түрүн ишке ашырган субъекттер, ККМди колдонуудан бошотулгандардын тизмесине киргизилген субъекттер, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында патенттин негизинде ишмердиктин белгилүү бир түрлөрүн ишке ашыруучу субъекттер колдонушат.

Администрациялык чара колдонуудан качуу үчүн Салык кызматы ККМди колдонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону сунуш кылат.

Пикир

Оставить комментарий