• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда дээрлик 70 миң адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 22.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавируска каршы 7 миң 720 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 21 миң 840ы экинчи доза алгандар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 69 миң 879 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Бишкекте – 18 390 (бир суткада – 2 миң 2, экинчи доза алгандар – 1 136);

- Ошто – 5 615 (бир суткада – 489, экинчи доза алгандар – 241);

- Чүй облусунда – 10 794 (бир суткада – 1 миң 105, экинчи доза алгандар – 280);

- Ош облусу – 9 679 (бир суткада – 1 миң 438, экинчи доза алгандар – 200);

- Ысык-Көл облусу – 6 979 (бир суткада – 786, экинчи доза алгандар – 233);

- Талас облусу – 3 367 (бир суткада – 248, экинчи доза алгандар - 117);

- Нарын облусу – 3 002 (бир суткада – 493, экинчи доза алгандар – 109);

- Жалал-Абад облусу – 9 197 (бир суткада – 835, экинчи доза алгандар – 449);

- Баткен облусу – 2 856 (бир суткада – 324, экинчи доза алгандар – 76).

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий