• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дээрлик төрт миң үй-бүлө кооптуу жерде жашайт - Бообек Ажикеев

Коом 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 3 миң 859 үй-бүлө кооптуу жерде жашайт. Бул тууралуу КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев телеканалдардын бирине жыл ичиндеги маанилүү жетишкендиктер жана алдыда жасала турчу иштер тууралуу берген маеги учурунда билдирди.

“Чет жактан келген гранттардын саны башка министрликтерге салыштырмалуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине аз өлчөмдө келет. Ал эми алынган каражатты туура бөлүштүрүү таптакыр башка маселе", - деди ал.

Анын айтымында, бул багытта өтө дыкаттык менен көзөмөл жүргүзүлүп, натыйжасыз жумшалган каражаттарды үнөмдөөгө аракет көрүлдү.

"Баса белгилеп кетүүчү жагдай, көздөгөн максатыбызга жетүү үчүн эч кандай министрликтеги кызматкерлерди кыскартуу же орундарды жоюуга барган жокпуз. Болгон күч-аракетибизди министрликтеги жылдап топтолуп келген, көйгөйлүү маселелерди кечиктирбестен чечүүнүн үстүндө иштедик.

Анын натыйжасында түйшүгү оор, жоопкерчилиги бийик аскер кызматкерлери 2022-жылдын 1-январынан тарта дээрлик 50% жогорулатылган эмгек акы ала башташат. Аны менен катар жетиштүү деңгээлде форма менен камсыздалат. Жаңырган жылдын март айында министрликте иштеген жарандык кызматкерлердин да айлыгы жогорулашы күтүлүүдө", - деди Ажикеев.

Министр техникалык базаны бекемдөө иштерине айрыкча басым жасалганын белгиледи. "Себеби 2008-жылдан бери курулуш, өрт өчүрүү техникалары жаңыланбай келген. Ал унаалардын тетиктери азыр сатыкка да чыгарылбай калган. Биз дагы деле ошол техникаларды колдонуп жүргөндүктөн, кырсык учурунда ыкчам иштегенге тоскоол жаратып келет. Көйгөйдү чечүү үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташууну жандантып, анын натыйжасында гранттык негизде 81 бирдик оор техникалык каражат толугу менен алынып, 58 өрт өчүрүүчү атайын унаалардын биринчи бөлүгү өлкөгө алынып келди. Буюрса 1-2 жылдын ичинде толук жаңылаганга аракет кылабыз”, – деди ал.

Ошондой эле министр Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, жер көчкү, кар көчкү, жер титирөө, сел өңдүү табигый кырсыктар көп катталган аймактардын катарына кирет, ушундан улам, министрликтин алдында 3859 жарандарыбызды коопсуз жерге көчүрүү иши турганын белгиледи.

“Учурунда өзгөчө кырдаалдар министрлиги жашоого мүмкүн эмес делген аймактарды аныктап, ал жакта турмуш кечирүүгө болбойт деген корутунду чыгарып, 3 миң 859 үй-бүлөгө көчүп кетүү керектигин эскерткен. Бул үчүн 2 миң 488 үй-бүлөгө мамлекет кайтарымсыз негизде каражат жана жер тилкесин бөлүп берген. Ага карабастан, жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин ошол жакта күн кечирүүдө. Буга ал мекендештерибиз өзүлөрүнүн үй-жайын, ата-бабасы мекендеген ата-конушун таштап кеткиси келбегендигин айтып, кайдыгерлик кылууда. Министрлик жаңырган жылдан тартып, ушундай кооптуу аймактарды кыдырып жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүп, аларды коопсуз жайга көчүрүү аракетин баштайт”, - деп белгиледи.

"Маектин соңунда министр Бообек Ажикеев жалпы журтка кайрылып, кырсыктын тобокелдигин азайтуу, алдын алуу – сакталган өмүр экендигин белгилеп өттү. Аны менен бирге жарандарыбызды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, майрам кырсыктан тышкары, коопсуз, жаркын маанайда өтүүсүн каалады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий