• 84.8
  • 96.12
  • 1.11

Кыргызстанда декабрь айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында декабрь айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3° суук, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6° суук болушу күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -3° суук…+2° жылуулуктан -5…-10º суукка чейин, күндүз -2° суук…+3° жылуулуктан 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Талас облусунун орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -2…-4° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4° суук…+1° жылуулуктан -6…-11° суукка чейин, күндүз -3° суук...+2° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -13…-18° суукка чейин, күндүз -4…-9° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Ош облусунун орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо -1…-3° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -1° суук…+4° жылуулукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -1° суук…+4° жылуулукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Баткен облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -1° суук…+4° жылуулукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…-2° суук, чыгышында -3…-5° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан -7…-12° суукка чейин өзгөрүлүп турушу, күндүз 3…8° жылуулуктун тегерегинде болушу күтүлөт, кээ бир күндөрү 0…-5° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Нарын облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -10…-12° суук, Кочкор районунда -7…-9° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10° сууктан -14…-19° суукка чейин, күндүз -2° суук …+3° жылуулуктан -4…-9° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -20…-25° суукка чейин, күндүз -11…-16° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий