• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дем алыш күндөрү 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Кыргызстанда дем алыш күндөрү 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Талас облусунда 2, Чүй облусунда 6, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган.

Кечээ, 13-ноябрда "112" кызматына Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 05:38де Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 05:55те 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.

Такталган маалымат боюнча, турак үйдөн чыккан өрт саат 07:03тө чектөөгө алынып, 08:34тө толук өчүрүлгөн.

Бактыга жараша жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий